Борбор калаанын мэринин орун басары, отун-энергетикалык комплекси  департаментинин директору Талайбек Байгазиевдин төрагалыгы алдында алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана департаменттин иш алып баруусу боюнча  жыйын   өттү. ⠀

Жыйынга мэриянын отун-энергетикалык комплексинин кызматкерлери, “Бишкек жылуулук электр борбору”, “Бишкекжылуулуктармагы”,  “Бишкекжылуулукэнерго”, “Бишкекжарык” жана “Бишкекмончо” муниципалдык ишканаларынын жетекчилери жана  башкы инженерлери  катышты.

1-октябрга чейин бардык ишканалар оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүп, шаарга жылуулук   берүүгө даяр болуу тапшырмасы берилди. ⠀

“Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасына  ААРдан  (АТР) шаарга кошулган аймактардагы  социалдык мекеме, мектеп жана бала бакчалардын отказандарын  оңдоп-түзөөдөн өткөрүп бүтүрүүнү тездетүү тапшырмасы берилди. ⠀

Жыйындын жүрүшүндө Талайбек Аскарович ишканаларды  каражаттарын рационалдуу пайдалууга жана жумушчуларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш алып барылышы керектигин айтты. ⠀

Белгилей  кетсек Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 «Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун максатында, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 303 токтому менен «Электр станциялары» ААКнын Бишкек шаарынын ЖЭБ жана «Бишкекжылуулуктармагы» ААК филиалдарынын мүлк комплекстери Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүлүп, “Бишкек жылуулук электр борбору” МИси жана “Бишкекжылуулуктармагы” МИси болуп түзүлгөн.