Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун алдында борбор калаада ачык асман алдында музыкалык кечелер уланууда.

Алсак, “Ынтымак-2” сейил багында концерт болуп, анда КР Эл артисти Элиза Шаршенбаеванын көркөм жетекчилиги астында Бишкек шаарынын мэриясынын үйлөмө аспаптар оркестри, ошондой эле “Доор” фольклордук ансамбли шаардыктарга өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Аткарылган чыгармалар угармандардын жандуу реакциясын жаратып, жайдын ушул жылуу кечинде кайталангыс маанайды жаратты.

Белгилей кетсек, “Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер” долбоору 2024-жылдын август айынын аягына чейин уланат.

Бишкек шаарынын мэриясы сиздер менен ачык асман алдындагы музыкалык кечелерде жолугушууну чыдамсыздык менен күтөт жана бул иш-чаралар сизде эң позитивдүү жана жандуу таасир калтырат деп ишенет. Музыкалык кечелерде көрүшкөнчө!