Борбор калаада мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу максатында «Өкмөттүн акселератор» программасынын алкагында жигердүү иштер уланууда.

Алсак, Биринчи май акимчилигинде райондун акиминин орун басарынын төрагалыгы алдында жыйын өтүп, ага  Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү, МАБнын жетекчилери, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, салык кызматы, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү (ӨКБ), кварталдык, үй комитеттери, ошондой эле үй тибиндеги бала бакча ачууну каалаган райондун тургундары катышты.

Жолугушууда жарандар үй тибиндеги бала бакчаларды ачуунун уюштуруу жана жол-жоболору боюнча суроолорду беришти. Жолугушууга бул программанын алкагында окууга кызыккан 24 потенциалдуу жаран катышты.

Октябрь районунун акимчилигинде акимдин орун басарынын төрагалыгы астында билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрүнүн, Көк-Жар жана №6, 7, 8,9, 10, 11 МАБтарынын башчыларынын орун басарларынын жана социалдык кызматкерлеринин катышуусунда мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн уюштурууга көмөк көрсөтүү максатында жумушчу жыйын болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө жеке ишкерлердин санын көбөйтүү, үй тибиндеги бала бакчаларды ачуунун жол-жоболору, ошондой эле санитардык талаптарын сактоо, көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда турак жайларда өрт коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.