Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

2024-жылдын 10-августунда Горький көчөсүнүн А.Кунанбаев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүн унаа кыймылы үчүн жабуу пландалууда.

Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын 11-августунда Б.Юнусалиев көчөсүнүн А.Сүйөркулов көчөсүнөн И.Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн жабуу пландалып жатат.

Буга байланыштуу №102, 162, 175 жана 212-автобус каттамдарынын схемалары убактылуу өзгөртүлдү.

Жол кыймылынын схемалары менен төмөнкү шилтемеден таанышууга болот:

https://drive.google.com/file/d/1Uhx4iPzAPDU-Y_mq7rxHHWuFWu_t9n0H/view?usp=sharing