Жылуулук менен жабдуучу уюм муниципалдык ишкананын уюштуруу-укуктук формасы менен юстиция органдарында каттоодон өткөн.

Мындай чечим көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу, иштин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана бардык шаар тургундарынын кызыкчылыгында ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынды.

Ишкананын уюштуруу-укуктук формасынын өзгөрүшү иштин туруктуулугуна жана сапатына таасирин тийгизбейт. Учурдагы бардык милдеттенмелер толук аткарылат.

Белгилей кетсек, жаңы статус менен ишкананын алдында турган көйгөйлөрдү дагы да натыйжалуу чечүүгө жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө салым кошо алат.