Бишкек шаарында 2024-жылдын титулдук тизмесине ылайык, 10-июндан баштап Лев Толстой көчөсүн Т.Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Алсак, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын подрядчысы «Каменные Дороги» ЖЧКсы тарабынан иш алып барылууда.

Капиталдык оңдоонун алкагында ирригация системасын жана бордюрларды орнотуу иштери жүргүзүлдү.

Учурда эски асфальтын сыйруу, дренаж үчүн кошумча арык орнотуу, көпүрөнүн астындагы түтүктөрдү тазалоо жана алмаштыруу иштери жүрүп жатат, мындан ары жер казуу жана люктарды жолдун деңгээлине көтөрүү иштери жүргүзүлөт. Акыркы этап ЩМА (щебеночно мастичная смесь) төшөө болот.

Белгилей кетсек, буга чейин жол түндүк тарабынан жабылган болсо, ишти тез арада жыйынтыктоо максатында 2024-жылдын 10-августунан 25-августуна чейин жол кыймылы үчүн толугу менен жабылат.

Урматтуу жарандар, авто сүйүүчүлөр! Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамыңызды алдын ала пландаштырып алууңузду өтүнөт.