Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Ошентип, 2024-жылдын 10-августунда Горький көчөсүнүн А.Кунанбаев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүн унаа кыймылы үчүн жабуу пландалууда.

Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын 11-августунда Б.Юнусалиев көчөсү А.Сүйөркулов көчөсүнөн И.Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн жабуу пландалууда.

Урматтуу шаар тургундары, авто сүйүүчүлөр! Бишкек шаарынын мэриясы тыгындарды болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландап алууну сунуштайт.