Борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан 8 объект ижарага берүү үчүн аукционго коюлду.

Ошентип, 2024-жылдын 6-сентябрында төмөнкү объекттерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөт:

- ЛОТ № 1949.1 – турак эмес жайлар, аянты 51,6 кв.м. Бишкек шаары, Бейшеналиева көч., 31 дареги боюнча жайгашкан.
- ЛОТ № 1950.1 – Мүлк комплекси, аянты 4937 м.кв. базар куруу үчүн, Бишкек ш. Тоголок Молдо - Можайский көч.
- ЛОТ № 1953.1 – аянты 105,3 кв.м, спорттук секцияларды уюштуруу үчүн, Бишкек ш. 8-кичирайону 19/1 үй.
- ЛОТ № 1954.1 – кичи футбол аянтчасы, аянты 924 кв.м.   №32ЖОМ аймагында, Дубосековская, 39а дарегинде жайгашкан.
- ЛОТ № 1951.1 – жер тилкеси, аянты 8326 кв.м. өндүрүштүк базасы жана кампа аянты үчүн, Крым  көчөсү,  64 дарегинде жайгашкан.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 9-сентябрында төмөнкү объекттерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөт:

- ЛОТ №1955.1 спорттук-билим берүү ийримдери үчүн, аянты 56,0 кв.м, №96 мектептин имаратында жайгашкан. Каркыра көч., 93а дарегинде жайгашкан.
- ЛОТ №1956,1 спорттук-билим берүү ийримдери үчүн, аянты 132,0 кв.м Мурас Ордо конушундагы №99 мектептин имаратында жайгашкан.
- ЛОТ №1957,1 спорттук-билим берүү ийримдери үчүн, аянты 274,0 кв.м,  №81 мектептин имаратында жайгашкан (Ак-Босого).


Аукционго катышуу үчүн электрондук санариптик кол тамга флеш-картасын сатып алып, https://auctionetp.gov.kg/msu/ шилтемеси аркылуу катталып, ылайыктуу аукциондук лотту таап, маалыматтарды толтуруп, андан кийин төлөм коду аркылуу катышуу үчүн сумманы төлөө керек.

Аукционго катышуучунун колдонмосу менен төмөнкү шилтемеден таанышууга болот: https://docs.google.com/document/d/1cyipUwvq-_8HGfUVhR90LEaPTQw3UkAf/edit