Октябрь акимчилигинде райондун акиминин орун басарынын төрагалыгы алдында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өттү.

Райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, социалдык кызматкерлердин, билим берүү башкармалыгынын, №6 ҮМБнын, №8 ҮМБнын, РИИБнин, райондук МАБдын, турак жай ээлеринин шериктештеринин, үй комитеттеринин өкүлдөрү, активисттер катышты.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын адистери жолугушуунун катышуучулары менен мамлекеттик кепилдиктердин жаңы программасы, бейтаптардын укуктары жана Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарында медициналык кызматтарды алууда милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин артыкчылыктары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда калктын 74% гана медициналык камсыздандыруу менен камсыздалган.

Ошентип, борбор калаадагы саламаттыкты сактоо уюмдарында медициналык кызматтарды алууда калктын өз укуктары боюнча билим деңгээлин жана маалымдуулугун жогорулатуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдети коюлду.

Катышуучулар калкка медициналык жардам көрсөтүү жаатындагы эң актуалдуу маселелерди талкуулашты жана жолугушуунун жыйынтыгында маалыматтык китепчелер таратылды.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Медициналык кызматтарды алуудагы укуктарыңыз жана медициналык камсыздандыруу боюнча маалымат алуу үчүн ММКнын «113» ишеним телефонуна кайрылыңыз.