Беларус көчөсүн Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштери башталды.
Учурда адистер эски асфальтты сыйрып, бордюрларды жана ирригация системасын орнотууга даярдоо иштерин баштады.
Ошентип, капиталдык оңдоо учурунда эки тарабындагы тротуар оңдолуп, ирригация система жана жаңы жол салынат.
Ишти подрядчы «Туруте» ЖЧКсы жүргүзүүдө.
Эскерте кетсек, жол оңдоо иштерине байланыштуу Медеров көчөсүнөн Беларус көчөсүнө өтүүчү жол убактылуу жабылган.