Борбор калаада “Газпром-Балдар” спорттук-эс алуу борборунун базасында балдар жана өспүрүмдөр арасында жайкы спартакиаданын шаардык этабынын ачылышы болду.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамканов ачты.
Жыл сайын өтүүчү сынактар балдарды активдүү жашоо образына тартуу жана жайкы каникулда алардын эс алуусун кызыктуу жана пайдалуу өткөрүүгө багытталган.
Негизги максат – шаардын бардык калктуу конуштарынан жана райондорунан келген балдарды спорттук иш-чараларга тартуу, бул бир гана физикалык өнүгүүгө эмес, катышуучулардын ортосундагы достукту жана командалык маанайды чыңдоого салым кошуу.
Буга чейин жайкы спартакиаданын райондук этабы өткөн. Бул жылы мелдешке 220 бала машыктыруучулары менен бирге катышууда.
Спартакиаданын программасы ар түрдүү болуп, мини-футбол, эстафета, аркан тартыш, пионербол жана улуттук ордо оюну сыяктуу спорттун түрлөрүн камтыйт.
Белгилей кетсек, жайкы спартакиада ушул жуманын аягына чейин уланып, катышуучуларга спорттун ар кандай түрлөрү боюнча өзүн көрсөтүүгө жана активдүү эс алуудан рахат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.