Жеке жана юридикалык жактар чектеш бөлүнгөн жана бекитилген аймактарда тартипти сакташпайт.
Мындай жоопкерсиздик Бишкек шаарын көрктөндүрүү боюнча санитардык ченемдерди жана эрежелерди бузат.

Муниципалдык инспекция баш калаадагы эреже бузган уюмдарга жана тургундарга карата Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча чара көрүп, орун алган укук бузууларды жоюуда.  

Тизмеде:
-  Абай көчөсү, 93 б дарегиндеги  "Нур Строй Монтаж" ЖЧКсы;
-  Жал, 15 / 1б; дарегиндеги "Орто-Жал" автоунаа коому ЖЧКсы;
-  Мичурин көчөсү, 121; дарегиндеги "Ак Билдинг" ЖЧКсы;
-  Молдокулов көчөсү, 10 дарегиндеги "М-Строй" ЖЧКсы;
-  Панфилов көчөсү, 200 а,  "Акылдаш" ЖЧКсы;  
-  Манас проспектиси 68 Ж. Баласагын атындагы КУУ;  
-  Москва көчөсү, 183, "Мега Спорт" ЖЧКсы ;
-  Ч. Айтматов проспектиси 41, "Триовитал" ЖЧК,
-  М. Жалил / К. Датка;  "ЭМК Групп" ЖЧКсы;
-  Ак-Ордо конушу Падыша-Ата көч., 292 дарегинде май алмаштыруучу жай, жеке ишкер;  
-  М. Жалил көч; 132б дарегиндеги "Үмүт Билдинг" ЖЧКсы;
-  Молдокулов 10/3а, жеке ишкер Г. Н. Б.,
-  Ж. Гвардия, 157а,   жеке жаран К. М. М.,  
-  М. Жалил көч; 211, жеке жаран С.Н. К.,

Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан бардык жеке жана юридикалык жактар жанаша жайгашкан аймакта тазалыкты жана тартипти сактоого тийиш.

Урматтуу шаардыктар жана уюмдар! Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин сактоону суранабыз, эрежени бузсаңыз, Кыргыз Республикасынын  "Укук бузуулар жөнүндө"  кодексине ылайык жоопкерчилик тартасыз.

Шаарыбыздагы тартипке кайдыгер карабаган бишкектиктер үчүн муниципалдык инспекциянын кабылдамасы иштеп жатат— 0312 62 06 18. Ошондой эле фото жана видеофиксацияны Муниципалдык инспекциянын социалдык баракчаларына жөнөтсөңүз болот:

Facebook: https://www.facebook.com/MiKontrol?mibextid=LQQJ4d

Instagram: https://www.instagram.com/mi__meria?igsh=dTQwdHpic2p2Yjli&utm_source=qr