Ата-энелер коомчулугу менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү депариаменти Telegram мессенжеринде канал ачты.
Ошентип, борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар тууралуу суроосу бар ата-эне телеграмдагы издөө системасына “Бишкек-мектеп-бала бакча” деп кирип, андан соң каналга кирип, суроо берсе болот.
Бул баарлашууда борбор калаанын мэриясынын Билим берүү департаментинин жана райондук билим берүү башкармалыктардын адистери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында кеп-кеңештерин беришет.
Белгилей кетсек, борбор калаада 121 мектеп жана 111 бала бакча бар.