Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө токтомун ишке ашыруунун алкагында Ленин районунун акиминин орун басары мамлекеттен атайын келишимдин негизинде жардам алган үй-бүлөлөргө барды.
Буга чейин шаардыктар мурда берилген жана бекитилген бизнес-пландарга ылайык, жеке бизнесин уюштурууга керектүү жабдууларды, товарларды жана кызматтарды сатып алышкан.
Бүгүнкү күндө Ленин району боюнча долбоордун 206 катышуучусу бизнес ачуу үчүн 100 000 сомдон акчалай жардам алышкан.
Жардам аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, аларды оор турмуштук кырдаалдан чыгуу үчүн жигердүү аракеттерге дем берүүгө, эмгек потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле кошумча жумуш орундарын же шарттарды түзүү процессине ишкерлерди тартууга багытталган.