Биринчи май акимиаты 2024-жылдын экинчи кварталынын социалдык маанилүү жана өзгөчө коркунучтуу оорулар боюнча координациялык кеңешинин жыйынтыгын чыгарды.

Алсак, кеңешме  райондун акиминин орун басарынын төрагалыгы алдында өтүп,  Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Бишкек шаардык кан аркылуу таралган вирустук гепатитке жана ВИЧ-инфекциясына каршы күрөшүү борборунун, Республикалык психиатрия жана наркология борборунун өкүлдөрүнүн, ҮМБ, ҮДТ, МАБдын жетекчилеринин  катышуусунда өттү.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер көтөрүлдү:
- курч ичеги инфекциялары боюнча эпидемиологиялык абал;
- АВС вирустук гепатити боюнча эпидемиологиялык абал;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 445 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баңги затына каршы программасын жана аны ишке ашыруу боюнча 2022–2026-жылдарга иш-чаралар планын ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 119 токтому менен бекитилген 2018-2030-жылдарга “Калктын психологиялык ден соолугу” иш-чаралар планынын алкагында депрессияны жана суицидди алдын алуу.

Жыйындын жыйынтыгында калкты ар кандай инфекциялардын түрлөрүнө каршы эмдөө боюнча санитардык билим берүүнү ишке ашырууну күчөтүү, калк, анын ичинде жашы жете электердин арасында депрессия жана суицид, ошондой эле баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүү тапшырылды.