Свердлов районунун Чаткал тилкесинин жашоочулары жаңы таштанды контейнерлерин сатып алышты.
Ошентип, мындан ары тургундар таштанды салынган контейнерлерди алып чыгып, ал жерден “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аны бекитилген график боюнча алып кетишет.
Мындай контейнерлердин артыкчылыгы – таштанды челектерин убакытка карабай бекитилген график боюнча алып чыгууга болот.
Мындан тышкары, жолбун иттер мындай контейнерлерге жете албайт жана чачпайт, бул көчөнүн эстетикалык көрүнүшүн сактайт.
Эскерте кетсек, мындай иш-чаралар шаардын тазалыгын сактоо жана таштандыларды үймө-үй кыдырып чыгууну иретке келтирүү максатында көрүлүп жатат.
Бишкек шаарынын мэриясы башка шаар тургундарын бул флешмобду колдоого жана борбор калаада тазалыкты жана тартипти сактоого активдүү катышууга чакырат.