Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясында начальник Медербек Амангелдиевдин төрагалыгы алдында инспекторлорду окутуу болуп өттү.
Ага аталган инспекциянын начальниги Медербек Амангелдиев баштаган көрктөндүрүү жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн башчылары, инспекциянын кызматкерлери катышты.
Инспекциянын планына ылайык, инспекторлорду окутуу мыйзам ченемдерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү эске алуу менен кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында жүргүзүлдү.
Кеңешменин жүрүшүндө көп батирлүү турак үйлөрдөгү жана ага жакын жайгашкан аймактардагы короо-жайларды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана тазалыкты сактоо боюнча иштерди күчөтүү маселелери каралды.
Инспекторлорго Бишкек шаарын көрктөндүрүү боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.