Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын арасында сынак өткөрөт.

Сынактын максаты – мамлекеттик тилди өнүктүрүү аркылуу мамлекеттүүлүктүн негиздерин чыңдоо, мамлекеттик тил мыйзамын конституциялык даражасын таануу жана мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, ошондой эле нарктуу мамлекеттик кызматчыны калыптандырууда мамлекеттик тилге жана салттуу баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кеп маданиятынын сабаттуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Сынак 2024-жылдын 15-августунан 25-декабрына чейин төрт этап менен өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, сынакка филолог, журналист, лингвист, философ, тарыхчылар катыша албайт.

Сынактын жобосу менен төмөнкү шилтемеден тааныша аласыздар: https://mamtil.gov.kg/ky/post/958