“Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” №1 чакырыгын жайылтуу боюнча "Өкмөттүн акселераторлору" программасынын алкагында Бишкектин райондорунда жолугушуулар өтүүдө.

Алсак, Ленин районунда райондун акиминин орун басарынын жетекчилиги астында жыйын өтүп, ага  КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси, акселератор программасы боюнча бала бакчалардын директорлору,  ошондой эле программага кызыккандар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө акимдин орун басары жана министрликтин өкүлү акселератор программасы боюнча кеңири маалымат беришти.

Мындан тышкары, иштеп жаткан жеке ишкерлер программага кызыгып, анын алкагында билим алып жаткан кыз-келиндер менен тажрыйба бөлүшүштү.

Белгилей кетсек, учурда бул программа боюнча окууга кызыккан 20дан ашык кыз-келиндер бар, алардын 13ү онлайн билим алып, сертификат алышты.