Мэриянын муниципалдык инспекциясынын инспекторлору шаардагы кайгуул учурунда таштанды, куураган чөптөрдү өрттөө жолу менен туура эмес утилдештирүү фактыларын аныкташкан.

Алсак, жеке турак үйдүн жашоочулары участок аймагында куураган  чөптөрдү өрттөшкөн. Эреже бузганы үчүн 5 жеке адамга карата  Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7 500 сом суммасында протоколдор түзүлгөн.

Красный Строитель конушундагы жеке мончодо мыйзам бузуу аныкталды. Жеке жаран  тигүү цехинен чыккан кездеме  калдыктарын отко жагып мончо ысытып жүргөн. Эреже бузуучуга  7 500 сом айып пул салынды.

Ал эми "Кыргыз Каганат" ЖЧКсынын жумушчулары тамак даярдоо үчүн фанераларды жана ДСП (жыгач-таарынды такталарын) өрттөшкөн.
Кыргыз Республикасынын " Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык,  жоопкерчиликке тартылды. Юридикалык жак үчүн айып пулдун өлчөмү 23 000 сомду түздү.

Шаар тургундары эгерде сиздер ушундай мыйзам бузууларга күбө болсоңуздар, сүрөт жана видеофиксацияны муниципалдык инспекциянын социалдык баракчаларына жөнөтүүңүздөрдү суранабыз.
Муниципалдык инспекциянын кабылдамасы — 0312 62 06 18.