Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Айбек Джунушалиев менен Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаевдин жолугушуусу өттү.
Борбордун башчысы Рапил Жошыбаевди жылуу кабыл алып, Казакстан Республикасынын шаарлары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Тараптар Бишкек шаарынын мэриясы менен Астана жана Алматы шаарларынын акимчиликтеринин ортосунда туруктуу негизде тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Борбор калаа башчысы Бишкек шаарынын мэриясы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда казак тарап менен кызматташууга ачык экенин баса белгиледи.
Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаев жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга ишенимин билдирди.
Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө Бишкек шаары Казакстандын 2 шаары менен (1997-жылдан Алматы, 2011-жылдан Астана) боордош шаарлар.