Бишкек шаарында 2024-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Республика көчөсүндө ЧЧКдан Жибек Жолу проспектисине чейинки аралыкта курулуш иштери жүрүп жатат.

Алсак, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын адистери жолдун бордюрларын орнотуу жана тротуардын негизин даярдоо иштерин улантууда.

Буга чейин кызматкерлер эски асфальтын сыйрып, ирригация системасын орнотуу иштерин жыйынтыктаган.