Бишкек шаарында "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери арыктарды орнотууну башташты.

Достоевский  көчөсүнө Шабдан Баатыр көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин Б- 3-2 үлгүсүндөгү арык лотокторун орнотуу  башталды.

Лотоктордун техникалык параметрлери  узундугу — 3000 мм,  туурасы — 740 мм,  бийиктиги — 480 мм түзөт.

Эске салсак, буга чейин Жибек-Жолу проспектисинде Школьный көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин, Чүй проспектисинде Панфилов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин   жаңы арык лотокторун орнотуу иштери жүргүзүлгөн.