Бүгүн, 2024-жылдын 5-августунда «Электр станциялары» ААКнын башкы директору Салават Садыракунов «Бишкекжылуулуктармагы» филиалында болду.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө ал ишкананын Бишкек шаарынын мэриясына өткөндүгүнө байланыштуу «Бишкекжылуулуктармагы» ААКнын жамааты менен жолугушуу өткөрүп, кызматкерлердин компаниянын өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилеп, ыраазычылык катын тапшырды.

«Бишкекжылуулуктармагы» энергетика тармагындагы алдыңкы компаниялардын бири. Мыкты жана жемиштүү эмгеги үчүн жамаатка ыраазычылык билдиребиз», - деди Салават Садыракунов.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы №303 токтомун ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №132 токтомуна ылайык, «Электр станциялары» ААК филиалынын мүлк комплекси – «Бишкекжылуулуктармагы» тиешелүү штаттык бирдиктери, каржылоосу жана кредиторлордун жана контрагенттердин алдында анын ишмердүүлүгүнөн келип чыккан укуктары жана милдеттери Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлгөн.