Бишкек шаарында Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо аяктады.

Аталган көчөнүн А. Токомбаевден Жибек-Жолу проспектисине чейинки 6,2 чакырымы реаблитация болду.

Капиталдык оңдоонун алкагында жол четиндеги бордюрлар алмашылды, асфальт катмары жаңыртылды. 1-катмарына 6 см асфальт, 2-катмарына 5 см болгон таш мастик афсальт басылды.

Жол боюндагы электр мамыларындагы коммуникациялык зымдарды жер асты менен алып өтүү боюнча жумуштар уланууда.

Капиталдык оңдоо 26-майда башталып, коюлган графиктен бир ай эрте аяктады.

Реаблитация боюнча долбоордун 2024-жылга бекитилген титулдук тизмедеги баасы 509 млн 901 миң сомду түзгөн. Тендерден кийинки смета 483 млн 916 миң сом менен бекип, 25 млн 984 миң сом үнөмдөлгөн.

Капиталдык оңдоодон кийин дагы 70 млн сомдун айланасындагы каражат эконом болду.

Реаблитация боюнча жумушту аткарган подряддык уюм-“Технотоп” ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимге ылайык, жол салууга керектелген ар бир бордюрга сертификат талап калынды. Жол тилкесине басылган асфальттын сапатына лабораториялык көзөмөл жүргүзүлдү.

Келишимдин шарттары боюнча, подряддык уюм асфальттын сапатына 3 жылдык кепилдик берет.

Кепилдик мөөнөтү иштеген убакыт ичинде жол тилкеси чөгүп, жарылып же сырттан кандайдыр бир кийлигишүү болбостон сапатын жоготсо, подряддык уюм өз эсебинен калыбына келтирет.

Бишкек шаарынын мэриясы капиталдык оңдоодон өтүп жаткан көчөлөрдө жол курулушунун сапатына жана жумушту бекитилген графикке ылайык жүргүзүүгө тыкыр көзөмөл кылууда.

Капиталдык оңдоодон өткөн көчөлөрдө жол тилкеси жарактан чыккан учурларды же кемчилик байкасаңыздар төмөнкү ыкчам байланыш номерлерине билдирүү калтырсаңыздар болот:

Октябрь району — (0708) 83-83-23, (0312) 53-03-15 (Осмоналиев Азамат);
Ленин району — (0555) 31-21-85, (0312) 53-03-15 (Шаршамбеков Кубаныч);
Биринчи май району — (0500) 50-02-57, (0312) 53-03-15 (Мамыр уулу Бакберген);
Свердлов району — (0707) 65-17-17, (0312) 53-03-15 (Борубаев Талант).