Бишкек шаарында Байтик баатыр/Ж. Абдрахманов көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо аяктады.

Кечээ, 4-августтан тарта аталган көчөнүн Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү ачылды.

Байтик баатыр\Ж. Абдрахманов  А. Токомбаевден тартып Жибек-Жолу проспектисине чейин калыбына келтирилди.

Капиталдык оңдоонун алкагында жол четиндеги бордюрлар алмашылды, асфальт катмары жаңыртылды. 1-катмарына 6 см, 2-катмарына 5 см болгон таш мастик афсальт басылды.

Жол боюндагы электр мамыларындагы коммуникациялык зымдарды жер асты менен алып өтүү боюнча жумуштар уланууда.

Белгилей кетсек, Байтик баатыр\Ж. Абдрахманов көчөсүндө капиталдык оңдоо 26-майда башталып, коюлган графиктен бир ай эрте аяктады.

Подряддык уюм – «Технотоп» ЖЧКсы.