Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алдында борбор калаада ачык асман алдында алгачкы концерт башталды. Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100-жылдыгына арналган.
Ошентип, биринчи музыкалык кече Т.Сатылгановдун эстелигинин алдында өтүп, ага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана Маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев катышты.
Борбор калаанын мэриясынын чоң симфониялык оркестри шаар тургундарына классикалык музыканын белгилүү чыгармаларын аткарды.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Игорь Воронцов, Нуржигит Асанов, Тилек Найманбаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Замира Мавлянова жана башка таланттуу аткаруучулар өнөрлөрүн тартуулашты.
Белгилей кетсек, “Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер” долбоору 2024-жылдын 30-августуна чейин уланат.
Борбор калаанын бардык тургундарын жана конокторун биздин кечеге кошулууга жана ачык асман алдында жандуу музыкадан ырахат алууга чакырабыз.