Борбор калаада онлайн видеобайкоо камералары орнотулду. Бул чаралар белгиленбеген жерге ташталган таштандыларды жоюуга, шаардыктарды жана чарбакер субъекттерди Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого чакырууга багытталган.
Инспекторлор күн сайын таң эрте рейдке чыгышууда. Орнотулган видео камералар аркылуу таштанды таштаган жарандарды аныктап жатышат.
Таштанды таштаган жарандар көбүнчө Курманжан Датка/Ереванская көчөлөрүнүн кесилишинде жана Аламүдүн базарынын айланасында, Жибек-Жопу проспектисинде катталууда.
Таштанды ыргыткан эки адам белгилүү болуп, алар Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жоопкерчиликке тартылды. Экөөнө 5500 сомдон айып пул салынган.