Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды ачык асман алдындагы музыкалык кечелерге чакырат.

Биринчи музыкалык кече бүгүн, 2024-жылдын 2-августунда саат 19:00дө Т.Сатылгановдун эстелигинин жанында (А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын жанында) өтөт.

Классикалык музыка кечесин Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестри тартуулайт.

Музыка баарыбызды кооз шаарыбыздын жылдыздуу асманынын астында бириктирсин. Бул кечелер шыктандыруунун гана булагы болбостон, үй-бүлө жана достор менен убакыт өткөрүүгө, жогорку сапаттагы спектаклдерден ырахат алууга да сонун мүмкүнчүлүк болоруна ишенебиз.

Сиздерди ачык асман алдындагы музыкалык кечелерде күтөбүз!