Бишкек шаарында, эртең, 2-августтан тарта №118 муниципалдык автобус каттамы иштеп баштайт.
Акыркы аялдамалары “Бакай-Ата” конушунда жана “Жал” айылында жайгашат. Күн сайын каттамга 25 бирдик автобус чыгат. Аралыгы 10 мүнөттү түзөт.
Белгилей кетсек, аталган автобус каттамы шаардыктардын кайрылууларынын негизинде ачылды.