Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Айбек Джунушалиевдин катышуусунда «Бишкексельмаш» ЖЭБ курулуш-эксплуатация-өткөрүп берүү модели боюнча техникалык жабдуу долбоорун ишке ашырууда кызматташуу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюу аземи өттү.

Бишкек шаарынын мэриясы менен түркиялык “Алтай Энерджи” ААКнын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду.

Жылуулук кубаттуулугу 240 МВт жана электр кубаттуулугу 100 МВт болгон борборду курууга түрк тарап Кыргыз Республикасынын резиденттеринин 50%ын тартууну пландаштырууда.

Тараптар жемиштүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга үмүттөнөрүн билдиришти.