Учурда Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Ага ылайык Ж. Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин жабык. Аталган тилкеде Чүй проспектисинен М. Фрунзе көчөсүнө чейин эки катмар асфальт басылды. М. Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин бир катмар асфальт басылып бүттү.

Ж. Абдрахманов көчөсүндө капиталдык оңдоо жумуштары 5-августка чейин толук аяктайт.

Ошондой эле Чүй проспектисинде капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат. Аталган проспекти Манас проспектисинен тартып, Панфилов көчөсүнө чейин жабылган.

Андан тышкары 27-июлда тарта Чүй проспектисинин С. Ибраимов көчөсүнөн Т. Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү да жабылып, капиталдык оңдоо башталды. Капиталдык оңдоо жумуштарын ыкчам жүргүзүү максатында ушундай чечим кабыл алынды.

Ал эми Жибек-Жолу проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө (түштүк тарабы) капиталдык оңдоо аяктады. Учурда түндүк тарабында капиталдык оңдоо жүрүп жатат.

Жибек жолунун Ж. Абдрахманов көчөсүнөн башталган түштүк бөлүгүндө Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки аралыкта жолду кеңейтүү, эски асфальтты сыйруу жана жана бордюр орнотуу жумуштары аткарылууда.

29-июлдан тарта М. Горький көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталды. Анын биринчи этабында Ч. Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлөгүндө унаа кыймылына чектөө киргизилген.

Капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жаткан Б.Юнусалиев көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары 16-июлда башталган. Учурда Сухе Батор көчөсүнөн  А. Сүйөркулов көчөсүнө чейинки аралыгында эски бордюрлар демонтаждалып, жаңылары орнотулууда. Жол тилкесиндеги эски асфальт катмары сыйрылган. Жакында асфальт басуу башталат.

Белгилей кетсек, И. Ахунбаев көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары аяктаган. Аталган көчө Ч. Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин толук ачылган.

Бишкек шаарынын мэриясы быйылкы жылдын алкагында жогоруда аталган алты негизги көчөдө жолду капиталдык оңдоону пландаштырган. Реаблитация боюнча негизги жумуштары 30-августка чейин аяктоо мерчемделүүдө.

Урматтуу шаар тургундары, бир нече көчөдө жүрүп жаткан капиталдык оңдоого байланыштуу шаарда унаа тыгыны көп болууда. Мындан улам, шаар бийлиги жеке менчик унаалардын ордуна коомдук транспортту колдонууну сунуштайт. Шаар ичиндеги күнүмдүк маршрутуңуздү жогоруда айтылган чектөөлөрдү эске алуу менен пландап алууну суранабыз.

Калаа бийлиги, абалды туура түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.