Жай мезгили көл жээгинде эс алууга жана сууда сүзүүгө эң сонун убакыт.

Кара жыгач токоюнун аймагында  Комсомол  көлү бар. Комсомол көлүнүн иштөө убактысы 9:00дөн 20:00гө чейин.

Комсомол көлүндө сүзүү үчүн бир нече эрежелер:
- балдар чоңдордун жана ата-энелердин көзөмөлүндө гана сууга түшүшү керек;
- үйлөнмө тосмолордун  артында сүзбөңүз;
- мас абалында сүзүүгө болбойт;
- балаңызды сууга жакын жерде кароосуз калтырбаңыз;
- кайыктардын жанында сүзүүгө же моторлуу кайыкты кууп чыгууга тыюу салынат;
- булуттуу же шамалдуу учурда сүзүүдөн этият болуңуз.

Мындан тышкары, Комсомол көлүнүн аймагында алкоголдук ичимдиктерди ичүү Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 127-беренесине ылайык, жеке жактарга 1000 сом өлчөмүндө айып салууга же 20 саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга алып келет.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоону суранабыз.