Бишкек шаарында жашы жете элек кайыр сураган балдарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүп турат.

Бул иш-чаралар Ленин, Октябрь, Свердлов жана Биринчи май райондорунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жашы жете электер менен иштөө инспекторлору менен кызматташтыкта жүргүзүлүүдө.

Күн сайын рейддер ГУМ, ЦУМ, Дордой Плаза, Балдар Дүйнөсү, Магистраль соода борборлору, ошондой эле шаардын борбордук көчөлөрүндө өткөрүлөт.

Бул иш-чаралардын негизги максаты – балдардын тилемчиликке аралашуусун аныктоо жана алдын алуу болуп саналат.

Жашы жете элек иштеген жана тилемчилик менен алектенген балдар аныкталгандан кийин, алардын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү менен профилактикалык маектешүүлөр өткөрүлөт. Бул маектешүүлөр балдарды мыйзамсыз иш-аракеттерге тартуунун жол берилбестигин түшүндүрүүгө жана оор турмуштук кырдаалдарды чечүүгө жардам көрсөтүүгө багытталган.

Үй-бүлөнү колдоо бөлүмдөрүнүн байланыш телефон номурлары:

•Биринчи май району: 0 (312) 67-03-86, 0 (312) 67-11-97;
•Ленин району: 0 (312) 65-01-48;
•Свердлов району: 0 (312) 53-05-76;
•Октябрь району: 0 (312) 51-03-75.