Борбор калаанын Ак-Босого конушунда Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы бала бакчанын курулушун улантууда.
Мектепке чейинки билим берүү мекемеси бир кабаттуу. Имараттын жалпы аянты 1413,01 чарчы метр, ал эми жер тилкесинин аянты 0,5714 гектарды түзөт.
КР Министрлер Кабинетинин балдарды мектепке чейинки билим берүүдө натыйжалуу пайдалануу жана көбүрөөк камтуу боюнча буйругунун алкагында балдар бакчасында кошумча бош орун түзө турган жылдырма керебеттер колдонулат.
Ошентип, 140 оруундуу бала бакча 400гө жакын тарбиялануучу кабыл алынат.
Имаратта кийинүү, оюн, уктоочу бөлмөлөрү, кампа, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык кабинет, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле музыка-гимнастикалык зал каралган.
Учурда ички жасалгалоо жана фасад боюнча иштер жүргүзүлүп, ошондой эле аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.
Подряддык уюм "AT Empire" ЖЧКсы иш алып барууда.