Свердлов районунда социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча комиссиянын жыйыны болуп, анда долбоордун катышуучуларынын программалары жана бизнес-пландары каралды.
Долбоордун алкагында 2024-жылы комиссиянын 3 отуруму өткөрүлгөн, анда бизнес-долбоорлор боюнча 37 арыз каралган, алардын ичинен 12 документ жактырылган, дагы 8 документ иштеп чыгуу стадиясында.
Бүгүнкү күндө Свердлов району боюнча долбоордун 12 катышуучусу 100 000 сомдон алышты.
Талапкерлер бизнес-пландарда көрсөтүлгөн өз ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдууларды, товарларды жана кызматтарды сатып алышты.
Бул үчүн ар кандай багыттар боюнча атайын сатып алуу топтору түзүлгөн. Жалпысынан 12 бизнес-план бекитилген, анын ичинде: - тигүү өндүрүшү – 7; - майда дүң соода - 3; – ширетүүчү жабдуулар-1; - мал багуу – 1.