Борбор калаанын Октябрь районунда Н.Жетикашкаева көчөсүндөгү А.Токомбаев көчөсүнөн С.Каралаев көчөсүнө чейинки тротуарды капиталдык оңдоо иштери башталды.

Курулуш иштерин 2024-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын подряддык ишканасы «Жанар Строй Сервис» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Ошентип, узундугу 1 200 погодук метр жерде эски асфальтты сыйруу жана бордюрларды орнотуу иштери башталды.