Биринчи май районунун Кудрук көчөсүндөгү Тоголок Молдо көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки 28-кварталдын жашоочулары өз аймагындагы тазалыкты жана тартипти жакшыртууга активдүү катышышты.
Тургундар таштанды чогултуу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасы аркылуу таштанды таштоочу желим контейнерлерди сатып алышкан.
Мындан ары тургундар таштандыларды контейнерлерге ташташат, ал жерден «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бекитилген графикке ылайык алып кетишет.
Буга чейин № 13 муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери флешмоб аркылуу тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
Бишкек шаарынын мэриясы калган тургундарды бул флешмобду колдоого жана калаадагы тазалыкты жана тартипти сактоого активдүү катышууга чакырат.