Бишкек шаарында Комсомол көлүнүн жана Кара жыгач токоюнун эс алуу аймагынын ачылышы болду.
Шаардыктар жана борбор калаанын коноктору үчүн оюн-зоок программасы жана майрамдык концерт даярдалды.
Бишкек шаарынын мэриясы асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класстарды жана борбордук фонтандын айланасындагы чыгармачылык зоналарды уюштурду. Анда чиймелери бар мольберттер жана экрандар орнотулган.
Ошондой эле алар «Нептун» жана «суу перилердин» катышуусунда ачык оюндар, сынактар жана викторина, оюн-зоок программасы уюштурулду.
Спорттук мелдештер (стол тенниси, футбол, пионербол, балдар үчүн жеңил атлетика, эстафета, аркан тартыш, таяк тартыш) өткөрүлдү.
Токойдун аймагында батут жана фудкорт аянтчалары орнотулду.