«Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу» боюнча №1 «Мамлекеттик акселераторлор» программасын кеңейтүүнүн алкагында Бишкектин райондорунда жолугушуулар өтүүдө.
Алсак, Свердлов районунда МАБ, кварталдык, үй комитеттеринин төрагалары жана райондун тургундары менен жолугушуу уюштурулуп, анда жетекчинин социалдык иштер боюнча орун басары, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун, салык кызматынын жана Свердлов районунун өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлдөрү да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө турак жайларда (үй тибиндеги бала бакчалар) мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү тууралуу сөз болуп, кызыктырган маселелер талкууланды.
Биринчи май районунун аймагында КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Билим берүү башкармалыгынын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун, салык кызматынын жана райондук өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өтүп, үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу талкууланды.
Белгилей кетсек, Биринчи май районунда 15 үй тибиндеги бала бакча өкмөттүн акселераторлор программасынын алкагында иш алып барууда.