Борбор калаанын райондорунда 2010-2011-жылкы балдар арасында салттуу жайкы спартакиада өттү.
Бул спорттук иш-чаранын максаты жайкы каникул мезгилинде балдар жана өспүрүмдөр арасында дене тарбия жана спортту активдештирүү, Бишкек шаарындагы адистештирилген спорт мектептерине окууга жөндөмдүү балдарды аныктоо болуп саналат.
Спартакиаданын программасына кичи футбол, пионербол, балдар үчүн жеңил атлетика, аркан тартыш жана ордо сыяктуу спорттун түрлөрү киргизилген.
Мелдештер 2024-жылдын 22-июлунан 29-июлуна чейин борбор калаанын спорт борборлорунда жана парктарында өттү.
Бардык жеңүүчүлөр кубок, медалдар жана тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, жеңүүчүлөр Бишкек жайкы спартакиадасынын финалдык баскычында командалардын намысын коргошот.