Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, борбордо жаңы 2024-2025-окуу жылына даярдыктар кызуу уланууда.

Биринчи май районунда билим берүү уюмдарынын оңдоо иштерине текшерүү жүргүзүлдү. Биринчи май районунун акиминин орун басарынын төрагалыгы алдында райондун мектептеринин жаңы окуу жылына даярдыгы боюнча комиссиялык кыдыруу уюштурулуп, ага билим берүү бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, ӨКМдин, райондук санитария борборунун адистери катышты.

2024-жылдын титулуна 10 билим берүү мекемеси, анын ичинде 6 мектеп жана 4 бала бакчада оңдоо иштери камтылган.

Учурда билим берүү уюмдарында негизги оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат: чатырын, жылуулук трассасын, ички жылытуу системасын, ванна жана дааратканаларды оңдоо.

Мындай иш-чаралардын максаты – билим берүү процесси үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу.