Бишкек шаарынын райондорунда Бишкек шаарынын биринчи жарым жылдыктагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттерге арналган кеңешме болуп өттү.

Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги тарабынан коюлган милдеттердин алкагында кирешелердин эсептик көрсөткүчтөрүн камсыз кылуу, күз-кыш мезгилине жылытууга даярдык көрүү, ошондой эле райодун билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына карата даярдыгы боюнча маселелер каралды.

Чарба субъектилеринин арасында контролдук-кассалык машинаны колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси коюлган.

Мындан тышкары, катуу таштандыларды тез арада чыгаруу, абоненттик базаны кеңейтүү боюнча жигердүү иштерди жүргүзүү, көрктөндүрүү жана калкты жеткиликтүү деңгээлде газ жана электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштерди активдештирүү, ошондой эле жарандарды электр энергиясы менен жеткиликтүү деңгээлде камсыздоо, турак жайларды өрттөн жана башка табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу тапшырмасы берилди.

Отурумдун жыйынтыгында көрсөтүлгөн толуктоолор жана сунуштар боюнча коллегиянын токтому кабыл алынды.