Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен борбордо жаңы 2024-2025-окуу жылына даярдыктар кызуу уланууда.

Алсак, Свердлов районунда билим берүү уюмдарынын оңдоо иштерине текшерүү жүргүзүлдү. Райондун мектептеринин 2024-2025-жаңы окуу жылына карата даярдыгы боюнча Свердлов райондук билим берүү борборунун, билим берүү департаментинин, Свердлов районунун акиминин орун басарынын төрагалыгы алдында, райондук өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөо борборунун адистери менен комиссиялык кыдыруу болуп өттү.

2024-жылдын тизмегине 12 билим берүү мекемесинин оңдоо иштери камтылган, анын ичинен 6 мектеп, 6 бала бакча.

Бүгүнкү күндө билим берүү уюмдарында негизги оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө: чатырын, жылуулук трассасын, ички жылытуу системаларын, жуунучу бөлмөлөрдү, дааратканаларды жана башкаларды оңдоо.