Октябрь районунда жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.
Октябрь администрациясынын кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте Кулатов-Ибраимов көчөсүндө рейд өткөрүштү.
Рейд мыйзамсыз жарнамалар менен күрөшүү жана борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн калыбына келтирүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.
Рейддин жүрүшүндө имараттардын фасадына орнотулган 38 даана баннер, 2 мамы жана 2 тепкич аныкталып, демонтаждалган.
Белгилей кетсек, аталган жарнама конструкциялары тиешелүү уруксат документтери жок орнотулуп, тышкы жарнама жайгаштыруу эрежелерин бузган.
Урматтуу ишкерлер! Жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруудан мурун, бирдиктүү дизайн-кодту сактоо үчүн “Бишкекбашкыархитектура” МИна кайрылууңуздарды суранабыз.