Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда шаар куруу жана архитектура жаатында кызматташуу жөнүндө Япониянын атактуу «Nikken Sekkei Ltd» компаниясынын президенти Рюичи Кизуми меморандумга кол коюлганына ылайык, Nikken Sekkei архитектуралык компаниясынын адистери тарабынан Бишкек шаарынын башкы планын талдоо боюнча активдүү иш улантылууда.
Ошентип, Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев жана анын биринчи орун басары Азирет Акимовдун жетекчилиги астында «Бишкекбашкыархитектура» МИнын жыйындар залында Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча онлайн талкуу уланды.
Жыйынга ишкананын бөлүм башчылары да активдүү катышып, өз ой-пикирлерин айтышып, ар бири өз алдынча оңдоолорду киргизишти. Негизги басым шаардын транспорт системасына бурулду. Активдүү иштер улантылат.