Бишкек шаарында Чүй проспектиси 217 дарегинде жайгашкан кафе, кеңсе, акча алмаштыруучу жай, жайкы кафенин имараты алынды.

Участок Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы №568 токтомуна ылайык, республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болуп саналган У. Асаналиев атындагы Кыргыз тоо-кен металлургиялык институтунун башкы фасадынын имаратынын жанында жайгашкан.

Учурда жер пайдалануучу Тоо-кен институтунун имаратынын фасадын ачуу максатында жер тилкесиндеги объектилерди өз ыктыяры менен бузуп жатат.

Келечекте калган жер участогуна заманбап объектти долбоорлоо жана куруу пландалууда.