Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы “Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте темир жарнамаларды алуу иштерин улантууда.

Ошондой эле, П, Г жана T түрүндөгү жарнамалык түзүмдөр борбор калаанын көчөлөрүнөн алынууда. Демонтаждалган щиттердин  саны 200 дөн ашты.

Бул тышкы жарнама такталарын  жаңыртуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча олуттуу кадам болуп саналат.

Урматтуу ишкерлер! Жарнама такталарын өз ыктыярыңыз менен демонтаждоону  суранабыз. Эскирген темир конструкцияларды заманбап LED экрандарга алмаштыруу Бишкек шаарына эстетикалык көрк берет.