Раззаков көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Баетов көчөсүнө чейинки жолду капиталдык оңдоо иштери башталды.

Ишти «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын подряддык ишканасы «Логис» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Ошентип жолду жана эки тарабындагы тротуарлар оңдолуп, ирригация системасын орнотуу пландалууда.

Бүгүнкү күндө эски асфальтты сыйруу жана демонтаждоо иштери аяктады.

Бригада ирригация системасын жана тротуар бордюрларын орнотууну аяктап жатышат.