Жумабек көчөсүн капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Курулуш учурунда Жумабек көчөсүнүн Манас проспектисинен Исанов көчөсүнө чейинки жолу оңдолот.

Иштер «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын подряддык ишканасы «ТУРУТЕ» ЖЧКсы тарабынан  жүргүзүлүүдө.

Кызматкерлер эски асфальтын сыйрып, ирригация системасын орнотушту.

Мындан тышкары жолдун эки тарабындагы тротуарды оңдоо пландалууда.

Учурда бордюр орнотуу иштери жүрүп жатат.